Монгол президенти Намбарын Эмхбаяр өлкөнүн борбор шаарында төрт күндүк чукул кырдаал жарыялады. Өлкөдөгү парламенттик шайлоодо азыркы бийликтеги партия кайрадан көп добуш алганы билингенден кийин нааразылык иш-чаралар башталып, ал массалык башаламандыкка айланган. Элдик революциялык партиянын Улан-Батордогу кеңсеси өрттөлүп, полиция демонстранттарды таратуу үчүн көздөн жаш агызчу газ колдонгон.