Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:11

12:35 “Ак шумкар” партиясы митингдер жөнүндөгү мыйзамга кол койбоого президентти чакырды


Партия бүгүн тараткан билдирүүдө, президентти Конституциялык соттун соттун чечимин колдоп, “Жарандардын тынч, куралсыз митинг жана демонстрацияларды өткөрүү укугу” жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү жана кошумча киргизүү тууралуу мыйзамга вето коюуга чакырды. Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевдин демилгеси менен кабыл алынган ал мыйзамда митинг жана пикеттерди өткөрүүгө чектөөлөр киргизилген. Белгилүү болгондой конституциялык сот укук коргоочулардын арызын канааттандырып, Бишкек шаардык кеңешинин митинг, пикеттерди чектеген токтомун 1-июлда жокко чыгарган. “Ак шумкар” партиясы конституциялык соттун чечимин жогору баалап, бул чечим аркылуу конституциялык сот демократия, укуктук мамлекетти курууну жактаарын далилдеди деп белгилеген.(AiT)

XS
SM
MD
LG