Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков Кумтөр кени боюнча өкмөттүн 2003-жылдын 31-декабрындагы токтомун жокко чыгаруу талабы менен сотко кайрылган. Сот ишти кароону бир нече ирет кийинки мөөнөткө жылдырып келген. 2-июлда Бишкек райондор аралык сот арызды кароону дагы 15-июлга которду. Буга “Камеко”, “Центерра голд инк” компанияларынын өкүлдөрүнүн сотко келбей калышы себеп болду.Ишти караган судья эгерде 15-июлда канадалыктар дагы сотко келбесе, анда аларга айып пул салынат жана сот ишти кароонун аларсыз баштайт. (AiT)