Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:47

17:26 “Де-факто” гезитинин башкы редакторуна айып коюлуп, Кыргызстандан чыгып кетпөө тууралуу тил кат алынды


“Де-факто” гезитине байланыштуу ишти тергеп жаткан тергөөчү Туратбек Байчаев бүгүн түштөн кийин гезиттин башкы редактору Чолпон Орозобекованы суракка чакырып, анын учурунда ага “Кылмыш жаза” кодексинин 329 беренеси боюнча “билип туруп жалган билдирүү тараткан” деген айып коюлганын билдирди. Бул берене боюнча айыпталуучуну 2 жылга эркинен ажыратуу каралган. Тергөөчү ошондой эле Чолпон Орозобековадан Кыргызстандан эч кайда кетпөө тууралуу тил кат алды. Бул тууралуу гезиттин башкы редактору Чолпон Орозобекова билдирди. Анын айтымында, адвокат Нина Зотова 3-июлда ички иштер министрлигинин Бишкек башкармалыгына кайрылып, редактордун аракетинде кылмыш жоктугуна байланыштуу коюлган айыпты төгүнгө чыгарууну талап кылмакчы.(AiT)

XS
SM
MD
LG