Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:32

Сибирде тик учак кыйрап, тогуз адам набыт болгону жоромолдонууда


Орусиянын Сибир аймагындагы Ямал-Ненец автономиялык округунда тик учак кыйрап, анда бери дегенде тогуз адам набыт болгону жоромолдонууда. Бул тууралуу Орусиянын Чукул кырдаалдар министрлиги маалымдады. Аталган министрликтин өкүлү Наталия Лукаш берген алгачкы маалыматка караганда, кыйроого учураган Ми-8 тик учагында 12 адам болгон.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG