Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Иордан падышасы Абдулла жана андан соң Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган Иракка иш сапары менен келишет


Бул тууралуу Ирактын тышкы иштер министри Хошияр Зебари билдирди. Азырынча бул сапарлардын так күнүн айта албаган министр Зебари, бул иш сапарлар Ирактагы кырдаал жөнгө салына баштаганынан кабар берерин белгиледи. Падыша Абдулла 2003-жылы АКШ Иракка киргенден бери бул өлкөгө иш сапары менен келген араб лидерлеринин алгачкысы болмокчу. Ал эми Түркиянын куралдуу күчтөрү Түндүк Иракта жайгашкан күрд козголоңчуларына каршы бир нече чабуулдарынан кийин Ирак менен Түркиянын мамилелери салкыныраак бойдон кала берүүдө.

XS
SM
MD
LG