Алгачкы маалыматтарга караганда, бүгүн таңга маалкы бул кол салуудан НАТОнун жоокерлери жабыркаган жок, бирок бир нече ооган тургундары жаракат алган. Бүгүн таңга жуук өлкөнүн башка бир аймагында - Логар вилайетинде тик учакка ок ачылган, бирок андагы адамдар тик учакты таштап кетүүгө үлгүрүшкөн. Жергиликтүү полиция тик учак ракеталык кыймылдаткычы бар граната менен атып түшүрүлгөнүн кабарлады.