Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:35

Шайлоо жыйынтыгына байланыштуу чырдан улам Монголияда 5 киши набыт болду


Монголиянын адилет министри шейшембидеги Улан-Баатар шаарындагы ири башаламандыктан кийин беш адам өлүп, 300 адам жаракат алганын бүгүн кабарлады. 700дөй киши тополоңго байланыштуу камакка алынды. Монголиянын ордо шаарында нааразылык иш-чаралар жекшембидеги парламенттик шайлоодо азыркы бийликтеги Монгол Элдик Революциячыл Партия, башкача айтканда, мурдагы коммунисттер кайрадан көп добуш алганы тууралуу алдын-ала маалымат таркагандан кийин башталып, ал ири тополоңго айланган. Бийликтеги партиянын кеңсеси өрттөлгөн. Бийлик өлкөнүн борбор шаарында төрт күндүк чукул кырдаал жарыялады. Президент Намбарын Энхбаяр болсо шайлоо учурунда бурмалоолор болгонун мойнуна алды жана монгол элин сабырдуулукка чакырды.

XS
SM
MD
LG