Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

10:00 А. Мадумаров менен Э. Ибраимовага байланыштуу сот иши болот


Бүгүн саат 11:00дө Бишкек шаардык соту ЖКнын экс-төрагасы менен “Акжол” фракциясынын мурдагы төрайымына байланыштуу укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдурасулованын доо арызын карайт. Апрель айында фракция менчиктештирүү, энергетика тармагы, Токтогул каскады тууралуу мыйзамдарды карап жаткан учурда байкоочу катары катышууну каалаган укук коргоочуларды отурумдан күчтөп чыгарып жиберишкен. Буга байланыштуу укук коргоочулар маалымат алуу эркиндигинин чектелгенине жана экс-төрага Адахан Мадумаров менен “Акжол” фракциясынын лидери Элмира Ибраимованын мамилесине соттук териштирүү жүргүзүү өтүнүчү менен сотко кайрылышкан. 26-июнга белгиленген сот иши жоопкер тараптын сотко келбей калгандыгынан улам бүгүнкүгө жылдырылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG