Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:55

16:40 Электр энергиясын колдонуу чектен ашып кетти


Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин маалыматы боюнча июнь айында кыргызстандыктар электр энергиясын белгиленген өлчөмдөн ашык колдонуп жиберишкен. Бул өлкөнүн энергетика тармагына терс таасирин тийгизет. Ушул тапта Токтогул суу сактагычына топтолгон суунун өлчөмү 8 850 млн метр кубду түзөт. Өткөн жылы ушул мезгилде суу сактагычта 13 450 млн метр куб суу болгон. Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуулук менен пайдаланууга чакырып, эгер минтип чектен ашуу күчөй берсе, электр энергиясын берүү чектеле тургандыгын эскертүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG