БУУнун согуш кылмыштары трибуналынын Арыз кароо палатасы Сребреницадагы босниялык мусулман күчтөрүнүн мурдагы башчысынын арызын канааттандырып, аны согуш кылмыштарына тиешеси жок деп тапты. Мындан эки жыл мурун Насер Орич 1992-93-жылдары Босниядагы согуш маалында Сребреницада серб туткундарынын өлүмүнүн алдын албаганы үчүн айыпталып, Гаага трибуналы тарабынан эки жылга эркинен ажыратылган. 1995-жылы Боснияда серб күчтөрү болжол менен 8 миңге жакын жазыксыз мусулманды өлтүргөн.