Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Колумбияда туткундагы 15 адам бошотулду


Колумбияда өкмөттүк аскерлер партизандардын барымтасында кармалган мурдагы президенттикке талапкер Ингрид Бетанкур айымды жана дагы 14 адамды туткундан бошотуп алды. Колумбиянын аскери тарабынан бошотулган Ингрид Бетанкур менен кошо туткундалгандардын арасында АКШнын үч жараны дагы бар. Алар солчулдардын ФАРК деп аталган Колумбиянын Революциялык куралдуу күчтөрү уюму тарабынан туткунга алынган. Бетанкур айым бир эле учурда Колумбиянын жана Франциянын атуулу. Эми ал жума күнү Францияга кайтып келээри күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG