Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

18:25 Жалалабат облусунун дыйкандарына буудай өстүрүү кыйынга турду


Үлүштөрүнө эгин айдаган жарандар үчүн үрөн баалары жана күйүүчү май, минералдык жер азыктары, унаа каражаттары кымбат болду. Күздүк буудайлуу адыр жерлерине суу жетпей, түшүмү аз чыгууда. Эгин чаап-жыйноочу комбайндар жана алардын запастык тетиктери да жетишсиз. Айрым чөлкөмдөрдө эгинге жумшалган мээнет акталбай калуусу ыктымал. Бул тууралуу Аксы, Базаркоргон, Сузак райондорунун тоо бөлүктөрүндө жашаган жарандар билдиришти. Облбийлик эгин талааларында 147 комбайн иштеп, түшүмдүүлүк гектарына 36,5 центнерден айланып, былтыркыдан 2 центнерге ашыкча жыйналганын билдирди. Бирок, 43093 гектарга себилген буудайдын түшүмү облус калкынын керектөөсүн 52 пайызга камсыз кылуусу мүмкүн. (YA)

XS
SM
MD
LG