Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:57

7:00 Кыргызстандагы мунай жана газ чыкчу жерлерге чалгындоо иштери жүргүзүлөт


Орусиянын «Зарубежнефтегаз» ишканасы Кыргызстандагы мунай жана газ чыккан жерлерде изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн тиешелүү техникаларды ташып келүү иштерин баштады. Бул тууралуу аталган ишкананын башкы директору Валерий Гулев кечээ кыргыз президентинин кабыл алуусунда болгон учурда билдирди. Анын айтымында, бул иштер быйыл жыл этегине чейин аяктап, түздөн-түз геологиялык чалгындоо иштери эмки жылдын жазына карай башталат жана үч жылдын ичинде конкретүү натыйжаларга жетишүү күтүлөт. Бул жолугушууда президент Курманбек Бакиев Кыргызстан-Орусия кызматташтык мамилелери өнүгүп жаткандыгын, анын ичинде «Газпром нефть Азия» менен мурда жетишилген келишимдердин ишке ашырылып жатышын белгилөө жагымдуу экенин билдирген.(SM)

XS
SM
MD
LG