Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

7: 18 Бишкекте бүгүн тынч жыйындарга чогулуу эркиндиктерин талкуулаган чукул жыйын өтөт


Жыйын Акыйкатчынын алдындагы укук коргоочулардын коомдук кеңешинин демилгеси менен уюштурулууда. Коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана бийликтин өкүлдөрү чакырылган бул жыйында парламент өткөн айда кабыл алган “Жарандардын тынч жыйындарды, митингдерди өткөрүү укуктары жөнүндөгү” мыйзам долбоору талкууга алынат. Буга чейин Акыйкатчы Турсунбек Акун баштаган укук коргоочулар президентке бул мыйзамга кол койбоо өтүнүчү менен кайрылган. Укук коргоочулар нааразылык чараларын өткөрүүнү чектеген бул мыйзам долбоору баш мыйзамга, демократияга жана адам укуктарына каршы келээрин белгилешүүдө. (SM)

XS
SM
MD
LG