Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

ЫСЫК-КӨЛДӨ ЭС АЛУУ СЕЗОНУ КЫЗУУ БАШТАЛДЫ


Рита Нурмамбет кызы, Ысык-Көл Ысык-Көлдөгү жайкы эс алуу июль айынан кызуу башталды. Адистер көл суусунун экологиялык тазалыгын жарыялап, эс алуу жайлардын 80 пайызы иштөөгө укук алганын ырастады. Бирок, адистердин айтымында туристтерди өз деңгээлинде кабыл алып, тейлөөнүн бардык тармагы талаптагыдай жолго коюла электиги байкалууда.

Быйыл Ысык-Көлдө 174 эс алуу жайы иштейт, анын 10го жакыны жаңы типте курулуп бүттү. Пансионаттар 1 күндө 25 миңдей, жеке сектор болсо -10 миңдей туристти кабыл алууга мүмкүнчүлүгүбүз бар деп күтүп атат. А жалпы эс алуучулардын агымы 2 миллионго чукулдайт деген маалыматтар бар. Бирок эс алуучулар үчүн медициналык жана коопсуздук маселелери чечиле электигин адистер менен туристтер өздөрү кеп кылды.

Көл бойлото жайгашкан 15ден ашык айылда медициналык тейлөө, жайкысын көйгөйгө айланаарын белгилеген үйбүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы Бубайым Жээнбаева мындай дейт:

- Саламаттыкы сактоо министрлиги 4 жылдан бери эле тез жардам машина беребиз деп аткарбай атат. Быйылкы сезондо да болбой калды деди. Жайында авария ичеги оорулары күчөйт. Дүйнөнүн бурчтарынан келген туристтерди Эл аралык стандартта медициналык тейлөө мүмкүн эмес.

Бүбайым Жээнбаеванын айтуусунда 1 гана тез жардам автоунаасы жайкысын 8, 10 миңдей шашылыш чакырыкка барат. Калган кайрылгандар 1- медициналык жардамга үлгүрбөй калган кырсыктар болгон.

Ал эми быйыл көл үстүндөгү моторлуу кайык, скутерлерге катуу көзөмөл киргизилген менен ал эл сүзгөн жерде эле айдалып жүргөнүнө нааразыларгандар болду:

- «Золотые пески» деген пансионатта скутер деген тим эле шуулдап жүрөт. Эл жээкте сүзүп жүрсө арасына кирип келет. Биз көлгө тынч эс алалы деп келдик да. Мындай жүрөк түшүргөн нерселер болбош керек, - дейт Бостери айылындагы «Золотые пески» эс алуу жайындагы коопсуздук жагдайга ичи чыкпаганын билдирген жалалабаддык Өмүржан Ташматов.

Бул маселеге түздөн-түз жоопкер Чолпоната шаарындагы мамлекеттик резиденцияда иштеген көзөмөл кызматынын өкүлү Таалайбек Бектемиров.Өзбек мамлекетинин «Золтые пески» деген эс алуу жайдын ээси Шамомат Паянов моторлуу кайыктарды пайдалануу боюнча тиешелүү токтомдорду кабыл албай койгонун билдирди.

Эми өткөн уктуруубузда убада кылгандай, суу тазалоо системасы жок эс алуу жайлар жолдомолорун сатып ийгенден кийин туристтерди кантип кабыл ала алат деген суроого адистин түшүндүрмөсүн билдирсек:

- Андай шартта биз барыбир паспорт дегенди беребиз. Жолдомосу сатылса да талапка жооп бербесе жайында ачылып иштебейт. Учурда пансионаттардын 80 пайызы гана укук кагаздарын алды.

Ысык-Көл районунун санитардык башкы врачы Малик Мабетовго көл суусунун тазлыгы, экологиялык абалынын сакталышы боюнча сын пикирлерди билдиргенибизде лабараториясында аныкталган далилдерди көрсөттү:

- Ысык-Көл суусунун биологиялык химиялык тазалыгы анык болду. Көз карандысыз эксперттер келип текшергенде далилдерибиз бирдей чыкты. Заара болуп кетиптир деген болбогон сөз. Санитардык текшерүү болгондо анда дароо аммиак азот дегендер чыгат, анын бирөө жок, бизде 20дай көзөмөл точка иштеп атат, - дейт көл жээктеги 20 көзөмөл лабараториялары сууну 10 күндө бир текшерип тураарын кошумчалаган Малик Мамбетов.

Бирок, көл жээкте курулган менчик эс алуу үйлөрдө жана 1 күндө 3 миңдей турист кабыл алчу Тамчы айылында кир суу тазалоо бир да система жок болгондуктан - экологиялык коопсуздук күч экенин белгилеген депутат Памир Жээнтаев башкача ойдо:

- Бизде Танаевдин 49 бөлмөлүү жана башкалардын килейген эс алуу менчик үйлөрү бар. Бирөөндө да очистка сооружение жок. Айылга 5,6 миң долларга германиянын технологиясы менен кир суу тазалоочу система куруп беребиз дешкен. Эл көлдү ким көп булгаса – ар ким ошого жараша төлөшү керек деп атат. Анткени 5 орундук менен 50 орундук коттедждердин айырмасы бар да.

Канткен менен туристтик сезонду жыл бою күткөн көлдүктөр келген кеткендерге болгон жакшы жагын көрсөтүп, аракети күч. Бир гана тейлөө, тамак аш сапаты боюнча иштөөгө милдеттүү кызматтар, мекемелер аларга көз жумду мамиле жасап, жең ичинен акча алмай менен бүткөрбөсө, баары талаптагыдай бир нукка түшмөк. Бул боюнча кепти келээрки уктуурбузда улайбыз.

XS
SM
MD
LG