Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:25

13:30 Укук коргоочулар Бакиевге кайрыла турган болушту


“Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу эркиндигин” талкуулаган тегерек үстөлдө тараптар бир пикирге келише алган жок. Мыйзам долбоорунун автору жана аны колдогон бир катар депутаттар жакында эле парламент тарабынан колдоого алынган “Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу укугу” тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунда адам укугуна каршы келген беренелер жок, митинг-пикет өткөрүп, нааразылык билдирүүдө мыйзам менен бекитилген белгилүү бир тартип болууга тийиш, деп баса бекемдешти. Ал эми Кыргызстандын Акыйыкатчысы, укук коргоочулар жана жарандык коом өкүлдөрү бул мыйзам долбоору өлкөнү демократиялык жолдон тайдырат, Башмыйзамга каршы келет, жарандардын эң негизги саясий укугу болуп эсептелген пикирин билдирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат, деген жүйөөлөрдү айтышып, бул мыйзамга кол койбоо өтүнүчү менен президент Курманбек Бакиевге дагы бир жолу кайрылышарын билдиришти.(ZKo)

XS
SM
MD
LG