Бул тууралуу каржы полициясынын башчысы А. Муйбиллаев Коопсуздук кеңешинин катчысы Исмаил Исаков менен болгон жолугушууда билдирген. Анын айтуусунда аталган полициянын ишмердүүлүгүнө багытталган мыйзам долбоорлору иштелип чыгып, Жогорку Кеңешке сунушталган. Коопсуздук кеңешинин катчысы Исмаил Исаков каржы полициясы өлкөнүн экономикалык коопсуздугу үчүн тыкыр иш алып барууга милдеттүү экендигин эскертти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы бүгүн кабарлады.
Каржы полициясы президенттин буйругу менен 2008-жылдын 11-апрелинен тарта Кыргызстандагы экономикалык кылмыштар менен күрөшүүчү кызмат болуп түзүлгөн.(ZKo)
Каржы полициясы президенттин буйругу менен 2008-жылдын 11-апрелинен тарта Кыргызстандагы экономикалык кылмыштар менен күрөшүүчү кызмат болуп түзүлгөн.(ZKo)