Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:58

4:30 ЕКУУ жана Европа Кеңеши Кыргызстандагы жарандардын эркин жыйналуусу тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдүн киргизилишине өтө тынчсыздануусун билдирди


Бул тууралуу Варшава, Страсбургда өткөн Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюро (БДИПЧ) жана Европа Кеңешинин Венеция Комиссиясынын эксперттик бүтүмүндө айтылат.

“Эгер мыйзамга кол коюлса анда бул өзгөрүүлөр мурдагы мыйзамга салыштырганда артка кеткендикти көрсөтөт. Ошондуктан мыйзам чыгаруу жараянынын бардык катышуучуларын биздин эксперттик бүтүмдөгү сунуштарды эске алууга чакырабыз. Ал болсо мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөрдүн эларалык стандарттарга туура келишин камсыз кылат” деп белгиледи БДИПЧтин жетекчиси Янеш Ленарчич.

БДИПЧ менен Венеция Комиссиясынын эксперттик бүтүмү Жогорку Кеңештин төрагасынын өтүнүчү менен даярдалган. (GA)

XS
SM
MD
LG