Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:26

18:30 Мамлекеттик катчы Кыргызстандагы жапон волонтерлор менен жолугушту


Президенттин басмасөз кызматынын билдирүүсүндө Нур уулу Досбол жапон волонтерлору менен таанышып, пикир алышты. Кыргызстанга келип, колдорунан келген жардамдарын берип, тажрыйба, билим алмашып жатышкан жаш волонтерлорго мамлекеттик катчы ыраазычылык билдирди.

Жапониянын толук жана ыйгарымдуу өкүлү Касай Татсухиконун айтымында, Кыргызстанга келген волонтерлордун басымдуу көпчүлүгү жаштар. Алар өз өнөрлөрүн, өздөштүргөн билимдерин кыргызстандыктарга үйрөтүп, 2 жылдан кийин кайра мекенине кайтышат. Жапон волонтерлор Бишкекте гана эмес, Кыргызстандын ар башка аймактарында да иш алып барышмакчы. (GA)

XS
SM
MD
LG