Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

19:30 Оштогу Коомдук кыймылдын кеңсесин жаап, кызматкерлерин көчүүгө мажбурлашты


Коомдук кыймылдын төрагасы Абдыкайым Кангелдиев «Азаттыкка» кабарлагандай, алар ижарада турушкан үйдүн ээсин жергиликтүү бийлик ар тараптан кысып, түзүлгөн келишимди буздуруп, уюмдун кеңсесин жаптырып, кызматкерлерин көчүүгө мажбурлаган. Мындай ыкма өлкө диктатурага ыктагынан кабар берет дейт Кангелдиев. Ош шаарынын биринчи вице-мэри Арфидин Алановдун айтымында, мэрия Коомдук кыймылдын каерде жайланышкандыгын билбейт. Ал эми үйдүн ээси кеңсени бошот десе өз эрки, бирок, айрым бейөкмөт уюмдар ушинтип бийликке асылмайын оокат кыла албай калышты. (АТо)

XS
SM
MD
LG