Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Түркмөнстандык тарых мугалими абактан бошотулду


“Азаттыктын” түркмөн кызматына бир нече интервью берген, тарых мугалими Сазак Дурдымурадовдун абактан бошотулгандыгы тууралуу кабарды анын үй-бүлөөсү да бышыктады. Ал өткөн айда улуттук коопсуздук кызматынын кармоочу жайына отургузулган. Дурдымурадовдун ырастоосунда, ал “Азаттык” менен кызматташтыгымды токтотом деген катка кол коюуудан баш тарткандан кийин катуу токмоктолгон.
23-июнда жарык көргөн докладында “Эмнести интернешнл” укук коргоо уюму Түркмөн бийликтери эркин журналисттерди, анын ичинде Эркин Европа/Азаттык радиосунун кабарчыларын куугунтуктоону адат кылып алган деп айтылган.

XS
SM
MD
LG