Бишкек шаардык соту ЖКнын экс-төрагасы менен “Акжол” фракциясынын мурдагы төрайымына байланыштуу укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдурасулованын доо арызын кароону улантат. 3-июль күнү сот тараптардын жүйөөлөрүн уккан. Азиза Абдурасулованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча бүгүн сот Адахан Мадумаров менен Элмира Ибраимованын аракетине карата чечим чыгарышы ыктымал.
Апрель айында фракция менчиктештирүү, энергетика тармагы, Токтогул каскады тууралуу мыйзамдарды карап жаткан учурда байкоочу катары катышууну каалаган укук коргоочуларды отурумдан күчтөп чыгарып жиберишкен. Буга байланыштуу укук коргоочулар маалымат алуу эркиндигинин чектелгенине жана экс-төрага Адахан Мадумаров менен “Акжол” фракциясынын лидери Элмира Ибраимованын мамилесине соттук териштирүү жүргүзүү өтүнүчү менен сотко кайрылышкан.(ZKo)