Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

7:15 7-июль күнү “Замандаш” партиясы лидеринин камакка алынышы боюнча билдирүү жасайт


Партиянын маалымат катчысы Талант Жороевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча Мухтар Өмүракуновдун камакка алынышы чет жактардагы кыргыз диаспораларынын нааразылыгын жаратууда. Окуяга байланыштуу Европа, Орусия, Кытай, Казакстандагы кыргыз жарандары тынчсызданып жатышат. Мухтар Өмүракуновго каржы полициясы тарабынан миграция боюнча мамлекеттик комитетинин статс-катчысы болуп иштеп турган учурда кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деген айып тагылып, 2-июлда камакка алынган. Анын тарапкерлери болсо муну саясий куугунтук катары баалап жатышат.
“Замандаш” партиясы чет жакта жүргөн кыргыз диаспораларынын башын бириктирген “Замандаш” ассоциациясынын негизинде өткөн жылы саясий партия болуп түзүлгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG