Маалыматтарга караганда, жыйында Орусиянын, Казакстандын, Украинанын, Белорустун, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышат. Анда укук коргоо органдары менен иштешүү, илимий-техникалык тармакты өнүктүрүүнүн негизги багыттары жана материалдык резервдер системасында тамак ашка болгон баанын мындан ары жогорулашын кармап туруунун жолдору талкууланмакчы. Жыйын өз ишин 10-июлда жыйынтыктайт. Белгилей кетчү нерсе, Консультативдик кеңештин отуруму Кыргызстанда алгачкы жолу өткөрүлүп жатат.(MSu)
11:11 Бүгүн Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн материалдык резервдер боюнча консультативдик кеңешинин жетекчилеринин отуруму болот