Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:10

14:35 Бүгүн Бишкек шаардык сотунда А. Мадумаров менен Э. Ибраимовага байланыштуу укук коргоочулардын арызы каралышы мүмкүн


Апрель айында “Акжол” фракциясы менчиктештирүү, энергетика тармагы, Токтогул каскады тууралуу мыйзамдарды карап жаткан учурда байкоочу катары катышууну каалаган укук коргоочуларды отурумдан күчтөп чыгарып жиберишкен. Буга байланыштуу укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдурасулова маалымат алуу эркиндигинин чектелгенине жана экс-төрага Адахан Мадумаров менен “Акжол” фракциясынын лидери Элмира Ибраимованын мамилесине териштирүү жүргүзүү өтүнүчү менен сотко кайрылышкан. Сот бул ишти кароону буга чейин бир нече жолу жылдырып келген.(MSu)

XS
SM
MD
LG