Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:53

15:30 ЖК комиссиясы “Андаш” компаниясынын ишин күзгө чейин токтотууну чечти


Бул тууралуу “Андаш” кенинде экологиялык абалды иликтөө максатында түзүлгөн комиссиянын мүчөсү, парламент депутаты Динара Молдошева билдирди. Анын айтымында, Таласка болгон сапардын жыйынтыгы боюнча “Андаш” кенинин экологиялык абал боюнча долбоордук документтери менен депутаттар, эксперттик топ таанышып чыкмайынча анын ишмердүүлүгүн 2008-жылдын сентябрь айына чейин токтотуу чечими кабыл алынды. Депутаттык комиссиянын жеринде иликтөө жүргүзүүсүнө кендин ишин токтотуу тууралуу жергиликтүү калктын президентке, парламентке даректелген арыздары себеп болду.(MSu)

XS
SM
MD
LG