Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:58

17:44 Жалалабаттагы өзбек улуттук маданий борбору президентке кайрылды


«Жаны кылым (Янги аср)» деген коом президенттин саясатын колдоорун жана өз имаратына жер ажыратылбаганын билдирди. Өзбек уул-кыздары кызматта аз, өзбек китептери тартыш экени белгиленген. Аталган көйгөйлөр коомдун ишембиде болгон жыйынында козголгон. Ага экс депутат Кадыржан Батыров да чакырылып, ишкерлерге жасалган тоскоолдуктар менен прокуратура жана күч уюмдарындагы коррупция жер проблемаларын айткан. Чогулушка барган облбийликтин өкүлү Орозалы Карасартов мүлдө элдин башын ооруткан коррупция маселени облколлегияда талкуулоону сунуш кылган. Үч жыл мурда К.Батыров баш болгон адамдар өзбек тилине расмий тил макамын берүүнү талап кылып митинг өткөргөндө президентти кубаттаган өзбектер анын уюмунан бөлүнүп чыгып, «Жаңы доор» деген маданий борборду түзүшкөн. (YA)

XS
SM
MD
LG