“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев мындай пикирин бүгүн “Таңкы Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Сариевдин айтымында Данияр Үсөнов Бишкек шаарынын мэри болуп иштеген сегиз айда иши менен сөзү дал келбей, шаардагы көйгөйлөр дээрлик чечилген эмес. Жаңы дайындалган Нариман Түлеев чарбачыл адам, ошондуктан ал саясатка азыраак аралашып Бишкек шаарынын чарбасынын оңолушуна көбүрөөк көңүл бурушу ыктымал, дейт Сариев. (EBM)