Жапонияда дүйшөмбү күнү башталган Чоң сегиздин лидерлеринин саммитинде азык-түлүк жана мунай бааларынын асмандашы кеңири талкууга алынды. Саммиттин алгачкы күнүндө Чоң сегиздин лидерлери Африканын лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Саммитке катышкан Дүйнөлүк Банктын президенти Роберт Зеллик азык-түлүк каатчылыгы менен күрөшүү үчүн чукул арада 10 миллиард доллар талап кылынарын билдирди. БУУнун башкы катчысы Пан Ки Муун Чоң сегиздин лидерлерине азык-түлүккө баанын асмандашы, климаттагы өзгөрүүлөр өңдүү маселелерге олуттуу көңүл буруу өтүнүчү менен кайрылды.