Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

11:07 Күзгө таяп өлкөдө пенсия көтөрүлөт


Социалдык кор 2008-жылдын июль айына пенсия төлөө боюнча эч карызы жок экендигин билдирет. Жыл башынан бери пенсионерлерге 3699,6 млн.сом эсебинде пенсия акысы төлөнгөн. Ал эми камсыздандыруучу мүчөлүк акылар ушул жылдын биринчи жарымына 4073,6 млн сомду түзгөн. Социалдык кордун билдирүүсүндө быйыл камсыздандыруучу мүчөлүк төлөмдөр жылдагыдан ашыгыраак өлчөмдө чогулган. Учурда аталган кор тарабынан ардагерлердин пенсия акысын күзүндө дагы көтөрүү үчүн камылгалар көрүүлүүдө. Буга чейин жыл башында президенттин буйругу менен пенсионерлер акысы 12 пайызга көбөйгөн болчу. (EK)

XS
SM
MD
LG