Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Пакистандын бийлиги Ооганстандагы террорчулук боюнча билдирүү жасады


Ооганстанда 41 адамдын өмүрүн алып кеткен террорчулукка Пакистандын эч кандай тиешеси жок. Бул тууралуу Пакистандын премьер-министри Юсуф Раза Гилани билдирди. Пакистандын өкмөт башчысы коңшу Ооганстандагы башаламандык расмий Исламабаддын кызыкчылыгында эмес экендигин, себеби эки өлкө тең террорчулук менен күрөшүп жатканын белгиледи. Буга чейин Ооганстандын бийлиги Индиянын Кабулдагы элчилигинин жанында орун алган террорчулукту региондогу кайсы бир өлкөнүн чалгын кызматы жетектеген болушу мүмкүн экендигин билдирген.

XS
SM
MD
LG