Таласта үрөнчүлүк чарбаларды өнүктүрүү боюнча мамлекет тараптан тиешелүү деңгээлде иш аракеттер жасалбай жатат. Таластагы дыйкандар жаңы үрөндөргө муктаж деген көйгөйлүү суроолор облустун губернатору Бейшенбек Болотбеков баш болгон жетекчилерге Карабуура районундагы «Биримдик» айыл чарба өндүрүштүк кооперативинин базасында бүгүн болгон жыйында айтылды. Жыйында дыйкандар облустук деңгээлде кооператив түзүлсүн деген сунуштарын билдиришти. Себеби, Карабуурада райондук деңгээлде Болот Кожомуратов аттуу жигит үрөн чарба кооперативин түзгөнүн айтышып, чет мамлекеттен алып келген анын супер элита үрөндөрүн облуска жайылтыш керектигин дыйкандар айтышты. Облустун губернатору бул маселени колдоорун билдирди. (UA)