Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:34

АКШ Чехия менен келишим түзгөнүнө байланыштуу Орусия жооп чараларды караштырат


Орусия Кошмо Штаттар ракетадан коргонуу системасынын бир бөлүгүн Чехияда куруу боюнча макулдашууга кол койгонуна байланыштуу жооп чараларды караштырарын бүгүн президент Дмитрий Медведев билдирди.
Ал Жапониянын Таяко курортунда, Чоң сегиздин саммитинде жүргөн жеринен белгилегендей, Орусия бул окуяга "өтө кападар", бирок "туталанбастан", жооп чараларды ойлонуштурат.
АКШ менен Чехия жогорудагыдай келишимге кечээ Мамлекеттик катчы Кондолиза Райстын Прагадагы сапары учурунда кол койгон эле. Орус тышкы иштер министрлиги кокус келишим чех парламентинде ратификацияланса, Орусия "аскерий –техникалык ыкмалар" менен жооп берерин билдирген. Ал эми АКШнын Мамлекеттик катчысы бүгүн Софияда жүргөн жеринен Орусиянын жогорудагыдай реакция болору "күн мурунтан эле билингенин" белгиледи.

XS
SM
MD
LG