Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

Стамбулда АКШ консулдугунун сыртындагы атышуудан алты адам мерт болду


Стамбулдун губернаторунун билдиргенине караганда, өлгөндөрдүн үчөөсү кол салгандар, үчөөсү полицейлер. Мындан сырткары кеминде дагы эки киши жаракат алган. Күбөлөрдүн айтымында, кол салгандар консулдуктун башкы дарбазасынын жанындагы полиция бекетине автоунаа менен келишип ок чыгарган. Полиция жооп кылып, атышуу бир нече мүнөткө созулган. АКШнын Түркиядагы элчиси Росс Вилсон окуяны "террордук акт" деп атады жана америкалык миссияларда коопсуздкту күчөтүүнү өтүнгөнүн билдирди. Вашингтон кол салууну катуу айыптады.

XS
SM
MD
LG