Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:46

Жапонияда Чоң Сегиздин саммити аяктады


Дүйнөнүн ири жана байгер өлкөлөрүнүн лидерлери саммитин соңунда кабыл алынган билдирүүдө Иранды Ирактагы, Ооганстандагы, жаңжаалдарга, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараяндарына байланыштуу көбүрөөк жоопкерчиликтүү кадамдарды жасоого чакырышты. Бирок ал кандай кадамдар экени так айтылган эмес. Чоң Сегиз Тегеранды ошондой эле уран байытуу программасын тезинен токтотууга үндөдү. Саммиттин катышуучулары Ооганстандын өкмөтүн коопсуздук, башкаруу, кайра куруу ишинде көбүрөөк жоопкерчиликти алууга да чакырышты. Ага катар билдирүүдө Чоң Сегиздин өлкөлөрү Ооганстан менен Пакистандын ортосундагы чек ара аймагына жардамды күчөтүүнү макулдашылганы айтылган.

XS
SM
MD
LG