Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаровдун маалыматы боюнча, жакынкы күндөрдө Россия Батыш өлкөлөрүнө газдын бир миң куб. м. 500 АКШ долларына сатаарын билдирди. Ошондуктан Өзбекстан, Туркменстан дагы Кыргызстанга сатылган газдын баасын көтөрүшү мүмкүн. Бул кыш мезгилинде калкка дагы бир топ кыйынчылыктарды жаратат. (MiT)