Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:06

17:55 Атбашылыктар президентке жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жолдошту


Бүгүн 10-июль күнү Атбашы районунун Акталаа, Терексуу, Ачакайынды айылдарынан 30 адам Нарын шаарына келишип, арасынан 5 адам губернатор Өмүрбек Субаналиевдин кабыл алуусунда болушту. Губернаторго кирип чыккандардын бири Аалыбай Төлөгөнөв “Замандаш” саясий партиясынын лидери Муктарбек Өмүракуновду боштондукка чыгаруу талабы менен келгендиктерин “Азаттыкка! билдирди. Биз атайын губернаторго кайрылуу үчүн келдик. Жакын арада Муктарбек Өмүракунов боштондукка чыкпаса эл бушайман болуп, жол тосууга чейин барабыз дешүүдө дейт Аалыбай Төлөгөнов. Алар ошондой эле президент Курманбек Бакиевге дагы кайрылуу жөнөтүшкөн. Анда кайсы кылымда жана кандай коомдо жашап жатабыз. Ушул окуянын аркасынан 37-жылдын жыты сезилбейби. Ансыз да коомдогу кырдаал курчуп турган шартта бул окуя кандай багытта өнүгөөрүнө эч ким кепилдик бере албайт, деп айтылган. (KUs)

XS
SM
MD
LG