Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:39

18:00 Президент эки күңдүк иш сапары менен Ысык-Көлдү кыдырып жүрөт


Президент Курманбек Бакиев 10-июль күнү адегенде ички иштер башкармалыгынын спорт комплексинин ачылышына катышып, анан Аксуу районунда болду. Президент аталган райондун “Заря” айыл чарба өрөнчүлүк кооперативинен сүттүн наркынын төмөн бааланганын, кытай тракторлорунун, күйүүчү май жана үрөн сортторун өндүрүүдөгү көйгөйлөрдү угуп, буга мамлекет эл кыйналбагыдай аракет көрүп атканын айтты: - Буудай, май, башкалар бар. Жанагыдай баалар кескин түрдө көтөрүлө турган болсо базарга дароо чыгарып бааны кармап калыш. Андай да саясат болуп калат. Биз базар экономикасында жашап атабыз. Бөлгөнүн бөлүп, билип өзүңөн өзүң боло бер деген болбойт, - деди Курманбек Бакиев. Ал эми облус губернатору Кыдыкбек Исаев Каракол шаарында сүттү кайра иштетүүчү завод курула баштагынын жана дыйкандар ага продукциясын жогорку баада сата турганын белгиледи. Курманбек Бакиев райондогу бадар үйүнүн абалы менен дагы таанышып, 5 компьютерди жабдыктары менен тапшырды. Өлкө башчысынын Ысык-Көлдөгү иш сапары эртең 11-июлда Жетиөгүз районунда уланат (RB)

XS
SM
MD
LG