Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

18:15 Жалалабат облусундагы саясий партиялар окууда


Эл аралык республикалык институт өткөргөн окууга Украинанын Жогорку Радасынын депутаты Лев Бирюк эксперт катары чакырылган. Ал партияларды ички ишин уюштуруу, стратегиялык план түзүү ыкмаларына үйрөттү. Анын айтымында күзүндө Кыргызстанда болчу жергиликтүү Кеңеш шайлоосунда утуп чыгуу үчүн партиялардын жактоочулары көп болуп, шайлоочулардын добуштарын коргой билүүсү зарыл. Семинарга “Эркиндик”, “Жаңы Кыргызстан”, “Ата Мекен”, СДПК, Компартия, “Ак жол” партиялары катышты. Коомчулуктун пикири боюнча шайлоо, саясий өнөктүктөрдө гана шайлоочуларды эстеген партиялар эми телчигүүдө. Алар бийлик же бир адам үчүн эмес, өлкөнүн мүлдө калкына кызмат кылуусу абзел. (YA)

XS
SM
MD
LG