Бул тууралуу Грузиянын тышкы иштер министри Екатерина Ткешелашвили билдирди. Элчи айымдын айтымында, Тбилиси Расмий Москванын иш-аракеттерине жооп берүү үчүн катаал дипломатиялык чара көрмөкчү. Ушул эле күнү Грузиянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Тбилисидеги элчилигине 8-июлда орусиялык аскер аба күчтөр өлкөнүн аба мейкиндигин бузгандыгына байланыштуу нааразылык нотасын жолдоду. Анын аралыгында, АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Грузиянын президенти Михаил Саакашвилини Абхазия жана Түштүк Осетиядагы кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды.