Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:29

КӨЛӨКӨЛӨР КҮН ТИЙГЕНДЕ ГАНА КЕРЕК БОЛБОЙТ


Шайлообек Дүйшеев, Бишкек

Айрым массалык маалымат каражаттары президенттик админстрация башчысы Медет Садыркуловду отставкага кеткени калды деп жазып жибергенге үлгүрүштү. Бирок Курманбек Бакиев бул өтө күчтүү аппаратчыны бери эле дегенде 2010-жылга дейре кетире албайт, кетиргиси да келбейт деп баштаган макаласында саясат иликтөөчү Сыргак Абдылдаев “Репортер-Бишкек” гезити аркылуу, Медет мырза президенттин командасындагы эң эле күчтүү жана ишенимдүү, алтургай алмашкыс оюнчу экенин, анын Бакиевге кылган баа жеткис кызматын кийин тарыхчылар өзүнчө баалап аларын, эгер Садыркуловду кетиргилери келсе, анда ага тең келе турган күчтүү фигура таап туруп анан кетирүү керектигин, анткени оппозицияны кантип ичинен талкалоодо жана 2007-жылдагы парламенттик шайлоону өткөрүүдө эчкимдин оюна келбеген чеберчилигин көрсөткөнүн, бүгүн МЧС (Медет Чоканович Садыркулов) президенттин далдасында жүрүп, саясый окуяларды жетер жерине жеткире маштап, Бакиевдин кийинки мөөнөткө ийгиликтүү өтүп кетүүсүнө жол тазалап олтурганын, мына ушул көз караштан алганда деле анын отставкага кете коюшу күмөндүгүн, экинчиден балакеттей сак, кылдат, кумурсканын дем алганынан бери жакшы билген Садыркулов өлкөнүн 1-адамынын бетине чиркөө боло тургандай иштерди эч качан жасап жибербесин, бул жагынан анын чебин президенттин балдары менен бир туугандары да бузуп өталбасын, МЧСтин ар бир жасаган, жасай турган кадамы математикалык анализдин микроскобу аркылуу өтүп турарын, М. Садыркулов бир кетсе президенттин мөөнөтсүз шайлоосунун жеңишин камсыз кылгандан кийин гана кетерин, ошондо да аны кайсы бир жагымдуу өлкөдөгү элчилик ардактуу эс алуу кызматы күтүп турганын, бирок баары бир Акүйдө аны алмаштыруу оюну жүрүп жатканын, кыргыз саясатында бийлик үчүн жанын садага чаба тургандар бардык мезгилдерде табылганын жана табыла берерин баяндады.

Гезит дагы бир талылуу маселени, эмгек ардагерлеринин мамлекет башчысы менен Бишкек мэрине жана Бишкек шаар кеңешине кайрылган көйгөйү жөнүндө маселеге да эл көңүлүн бурду.

“Кыргыз туусу” гезитине маек курган дин иштери боюнча Мамлекеттик агенттиктин деректири Каныбек Осмоналиев, мамлекет менен диний уюмдардын ортосундагы мамилени жөнгө салуу боюнча мыйзам жазылып, анын долбоору Жогорку Кеңеште каралаганы калганын, 15 жыл ичинде мечиттердин саны 1,7 миңге жеткенин, ар бир депутат же атка минер жардам берем деп койсо эле бирден араб шйхтеринин этегине эремшип алып, аяк-быягына карабай, шайлоо жарышында өз кызыкчылыктарын ойлоп, мечит салдыра бергенин, анткени араб өлкөлөрүнөн атайлап аттанып түшкөн миссионерлер Кыргызстанга динин жайылтууну ушунтип мечит салуу, медресе ачуу менен байланыштырып келатканын, алтургай кичинекей эле бир кыргыз айылында эки мечит курулганын, бири бир урууга, экинчиси экинчи бир урууга таандык экенин өз көзү менен көргөнүн, тилекке каршы айыл-кыштактарда мектеп каерде болсо мечит так ошол жердин жанына салынганын, бирок мечиттердин саны көбөйгөнү менен баркы да кеткенин, мындан тышкары Кыргызстанда каттодон өтүп алган 53 медресе барын, эми жаңы мыйзам аркылуу ушулардын баарын тартипке салуу иштери башталганын айтып жооп берди.

Гезит дагы бир ойлонто турган маселе жөнүндө ой калчаган Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын академиги, экс-депутат Бектемир Мурзуибраимовдун “Көч башында болуунун себептери көп...” деген макаласын жарыялады.

Окурмандарына мурда кабарлангандай бүгүн “Агым +” деп аталган “Агым” гезитинин жаңы саны жарык көрдү. Негизинен маданий окуяларга басым жасагысы келген гезит саясый маалыматтарды чагылдыруудан да четте калган эмес. “Полит бүйрө билдирет” аттуу салттуу рубриканын алдындагы ушундай маалыматында гезит А. Атамбаев менен Ө. Текебаевдин кол кармашкан бойдон күзгү күрөшкө кирип баратканы Акүйгө тынчтык бербей жатканын, ошол эле Акүйдүн кезектеги кадрдык жүрүшү бул ирет УКК төрагасы М. Суталинов менен Каржы полициясынын деректири А. Муйбилдаевге келип тийип, экөө тең ээрден оодарыларын, Башпрокурор Э. Сатыбалдиев Жогорку Соттун төрагалыгына барып олтурарын, Бишкекке жаңы эле мэр болгон Нариман Түлеевдин корккону күздө өтө турган шаар кеңешинин шайлоосу жана кары-картаңдардын итке минген жашоосу экендигин эстетип, мындай-мындайларга мурдагы мэр Д. Үсөновдун бети кызмармак тургай, муруту да былк этип коймок эмес эле, эми ушул балээлердин бардагын басууга Түлеев түтөр бекен деп жазды.
XS
SM
MD
LG