Иш чара үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында өтчү “Евразия” эл аралык кинофестивалдын алкагында өтөт. Анын жүрүшүндө жазуучунун чыгармалары боюнча тартылган тасмалар көрсөтүлөт, белгилүү кинорежиссерлор, жазуучулар жана жазуучунун жакындары сөз сүйлөшөт. Кинофестиваль быйыл Астана шаарында өтөөрү кабарланууда. Буга чейин фестивалга Европа мамлекеттеринин тасмалары гана катышууга укуктуу болуп келсе, бул ирээт Борбор Азия өлкөлөрү да катышууда. Учурда фестивалга Кыргызстандын атынан кайсы тасма көрсөтүлөөрү талкуланууда.(MSu)