Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:53

18:20 Чүйдөгү кытайлардын мыйзамсыз иштеп жаткан ишканасында жарылуу болгон


Бул туурасында атын атагысы келбеген Петровка айылынын тургуну бүгүн «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымына караганда кечээ Петровкадагы кытайлардын темир ээритүүчү ишканаларынын биринде жарылуу болуп, айрым кызматкерлер жараат алган. Бирок губернатордун орун басары Турусбек Султаналиевдин белгилөөсүнө караганда жарылуудан эч ким жабыркаган эмес, жарылуу эритүүчү мештен чыккан. Москва районундагы кытайлардын бир нече чакан ишканалары мыйзамсыз иштеп жатат деген атайын комиссиянын жыйынтыгына карабай, жергиликтүү бийлик белгисиз себептерден улам ишканаларды жаппай келе жаткан. Ал эми жергиликтүү тургундар ишканадан чыккан түтүн, күйгөн калдыктар экологияга терс таасир берип жатканын бир нече ирээт белгилешкен. (JJ)

XS
SM
MD
LG