Бул тууралуу «Азаттыкка» Баткендеги чегара отрядынын зардалы Саитжан Эратов 11-июлда маалымдады. Баткен жана Тажикстандын Исфара чегара бөлүктөрүнүн башчыларынын 10-июль күнү болгон жолугушуусунда аскерлердин этикасы, эки тараптуу тактала элек тилкелердеги абал жана чегара соода сатыгындагы түшүнбөстүктөр тууралуу суйлөшүү жүрдү. Акыркысы тууралуу буга чейин баткендик соодагерлердин Тажикстандын Исфара шаарынан сатып алган же сатыкка койгон мал жандыктарын Тажикстандын чегарачылары бир нече күнгө чейин кармаган учурлары катталган болчу. Учурда тажик чегарачылары соодага алып барылган, же алынып келаткан малдардын санын ондон ашырбай алып өтүү керек деген чектөө коюшууда. (SA)