Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:29

Хавьер Солана Ирандын атомдук программа боюнча өкүлү менен жолугат


Ирандын атомдук программа боюнча сүйлөшүүлөрдөгү өкүлү Саед Жалили Еврошаркеттин жогорку өкүлү Хавьер Солана менен 19-июлда Женевада жолугушмакчы. Тараптар Тегерандын ядролук программасына байланыштуу келип чыккан кризисти талкуулашат. Өткөн айда дүйнөлүк державалар Иранга бир катар сунуштары менен кайрылган. Ал үчүн Иран уран байытуу иштеринен баш тартууга тийиш. Батыш Тегеран атомдук бомбанын үстнөн тымызын иштеп жатат деп шектенет. Иран болсо андай ырсатоолорду четке кагууда.

XS
SM
MD
LG