Донорлордун эларалык конференциясында шаркеттин кеңейүү боюнча комиссары Оли Рен бул жардам биримдиктин Косово боюнча милдеттенмелерин аткарып жатканын далилдейт деп ырастады. Буга чейин АКШ 400 миллион доллар чегерүүгө сөз берген. Премьер-министр Хашим Тачи Косово Эларалык валюта кору менен Дүйнөлүк банктагы мүчөлүккө арыз бергенин маалымдады.