Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

14:50 “Замандаш” партиясынын лидери Мухтар Өмүракунов камактан бошотулду


Бүгүн Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту, “Замандаш” партиясынын лидери, Миграция боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы статс-катчысы Мухтар Өмүракуновду эч жакка чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде камактан бошотту. Бул тууралуу “Азаттыкка” Акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди. Анын айтымында, мурдараак камалган Архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбеков да, кийин камалган Мухтар Өмүракунов да бир аймактан чыккандар жана мындай окуялар эл арасында күдүк ойлорду жаратышы ыктымал. Акыйкатчы мындай учурда шектүү адамды камаксыз эле сурак жүргүзсө болот деп эсептейт. Буга чейин ал камактагы М.Өмүракуновдун абалы менен таанышып, эки жолу аны менен сүйлөшүп да чыккан. Эскерте кетсек, М.Өмүракуновго Миграция боюнча мамлекеттик комитетинин статс-катчысы болуп иштеп турган учурда кызматынан кыянат пайдаланды деген күнөө коюлууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG