Жалал-Абат облусундагы май куйуу бекеттеринде дизель отуну 35 сомдон 37 сом 50 тыйынга дейре көтөрүлдү. Бул тууралуу Сузак районунан Ашым Төрөбеков билдирди. Анын айтымында күйүүчү майдын жана техникалык каражаттардын кымбаттагандыгынан 80 сотых жерин иштетүүгө 10 миң 300 сом жумшап, мээнети акталбай калган. Пахта бышып, аны жыйнап алгыча дизель отуну мындан дагы кымбатоосу ыктымал. Баа ооздукталбаса, дыйкандардын мээнети кайтар, кайтпашы белгисиз болууда. Пахта былтыр 14 сомдон 22 сомго дейре араң сатылган. Облуста дизель майы эле эмес, бензин дагы кымбаттоодо. Май куйуучу “Деңиз ойл” жана “Томас” фирмаларында А-96 үлгүсүндөгү бензин - 35 сомдон, 93-маркалуу күйүүчү май - 33 сом 50 тыйындан сатылууда. Күйүүчү майлардын өсүүсү менен жеке менчик таксилер да бааларын кымбаттатты. (YA)