Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган китептин автору Чолпон Субакожоева маалымдады. Китептин бет ачары Нарын шаарында өткөнү жаткан укук коргоочулардын республикалык конференциясында жасалат. Чолпон Субакожоеванын айтымында, китепте Турсунбек Акундун жөнөкөй көчөдөгү укук коргоочудан, кандайча Акыйкатчылык даражага жеткени тууралуу айтылат. Китеп ар кыл маалымат каражаттарына чыккан маалыматтардын негизинде жазылган. (IJz)